977

Жол чийинен өтүп бара жаткан кызды унаа сүзүп, каза болду

5
Окуя кечээ кечки саат 9.30 чамаларында Токомбаев көчөсү менен 12-кичирайонундагы жолдо болгон. Бул фактыны Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктады. “Кыз жөө жүрүштөн өтүп баратканда Пассат үлгүсүндөгү унаа токтоп, аркы беттеги маршруттук унаа токтобой уруп кетти. Айдоочу изин сууткан жок, ошол замат эл дагы жардамга чуркап келген”- деп билдирди окуя күбөсү Темирлан Руслан уулу. Аталган окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.