417

Жогорку Кеңеш 21-августта кезексиз сессия өткөрөбү?


Келээрки дүйшөмбүдө Жогорку Кеңеш кезексиз сессияга чогулушу мүмкүн. Мындай демилге көпчүлүктүн коалициясына таандык. Айрым маалыматтарга караганда, 21-августта азыркы премьер-министр кызматын тапшырып берет. Мындан улам, башкаруучу фракция парламенттин сессиясынын расмий ачылышын күтпөстөн эле өкмөт башчыны дайындоону пландап жатканы кабарланууда. Белгилей кетсек, регламент боюнча Жогорку Кеңештин жыйындары расмий түрдө 12 күндөн кийин, 1-сентябрда башталышы керек болчу.