431

Жергиликтүү кеңештин депутаты экстремизм боюнча шектелип кармалды

грабители
Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты экстремизм боюнча шектелип кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ал адамды текшерүү учурунда анын жанынан “Хизб-ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун материалдары чыккан. Учурда ал убактылуу кармооочу жайга камакка алынып, ага карата “экстремисттик жана террорчулук уюмдардын материалдарын, атрибуттарын алып жүрүү, даярдоо, сактоо жана жайылтуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат. Белгилей кетсек, “Хизб ут-Тахрир” – Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын бири.