615

Жөө жүргүнчүлөр өтө турган тилкеден машина бир адамды коюп кете жаздады

авари2
Бишкекте жөө жүргүнчүлөр өтө турган тилкеден машина бир адамды коюп кете жаздаганы тартылган видео интернетке тарады. Күбөлөрдүн айтымында, окуя кечээ баш калаанын Лев Толстой жана Садыгалиев көчөлөрүрүнүн кесилишинде болгон. Эркек киши жөө жүргүнчүлөрдүн тилкесинен өтүп баратканда, алдыдагы унаа токтогонуна карабастан, ” Kia Shuma” үлгүсүндөгү машина токтобой келип, өтүп бараткан кишини жанып өткөн. Жөө адам колунан жаракат алганына карабастан, машина токтобой кетип калган. Патрулдук милиция учурда унаанын ээсин издеп жатат. Ал эми 2 күн мурда Жалал-Абад областынын Аксы районунда айдоочу 7-класстын окуучусун сүзүп кетип, бала 2 күн реанимацияда жатып үзүлгөнү кабарланды. Маалыматтарга караганда, бала жолго тоголонуп кеткен топтун артынан чуркап баратканда, аны машина коюп кеткен.