4183

Жүздөгөн студенттер Кытайга виза ала албай кыйналышууда


Кытай Эл Республикасында билим алган кыргызстандык студенттер виза ала албай убайым тартышууда. Бишкекте аталган дипломатиялык мекеменин алдында 14-августтан бери калың кезектин аягы суюлбай келет. Анда Кытайга окууга кете турган мекендештерибиз күнү-түнү өз кезектерин күтүп жатышат. Тизмеде 600дөн ашуун адам бар, учурда жыйырмасынын гана документтери кабыл алынган. Айрым студенттердин окуусу 1-сентябрда башталса, кээ бири 14-августта Кытайда болуп калышы керек эле. Эгер алар сабагына өз убагында барбаса, стипендияга илинбей, айрымдары окуудан дагы чыгып калуу коркунучу бар.