598

Өзбекстан Кыргызстандан эт, сүт азыктарын сатып алууга кызыкдар


Өзбекстан Кыргызстандан эт, сүт жана дан азыктарын сатып алууга кызыкдар. Кошуна мамлекетте 1-сентябрдан тарта импорт товарлары үчүн жеңилдиктер киргизилет. Өзбекстандын президенти эт, май, сүт жана дан азыктарына акциз, бажы салыктарын жоюу тууралуу токтомго кол койгон. Расмий Ташкент тамак аштын кымбатташынан улам ушундай кадамга барууда. Өзбекстанга товар экспорттоонун жеңилдеши Кыргызстан үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Анткени 32 миллион адамдык базар ачылып жатат. Бирок биздин өлкөдө тамак аштын кымбатташына жол берилбеши керек, дейт эксперттер.