1189

Путин, кыргызстандык Марат Исаевге, сыйлык тапшырды

1023038451Москва метросунда, адамдын өмүрүн сактап калган кыргызстандык Марат Исаевге, Владимир Путин сыйлык берди. Бул маалыматты, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги тастыктады. Эскерте кетсек, бир ай мурда, 28 жаштагы кыргызстандык Марат Исаев, полиция кызматкери Артем Королюк менен биргеликте, Москва метросунда рельстерге кулап түшкөн аялды өлүмдөн сактап калган. Бул окуяны, Кыргызстандын жана Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары, азырга чейин кеңири чагылдырып келишүүдө.