543

Пакистан: курмандыктардын саны өсүп кетиши дагы ыктымал

Пакистандын Лахор шаарындагы балдар ойногон аянчада жардыруу болуп, анын кесепетинен каза тапкандардын саны 72 адамга жетти. Мерт кеткендердин 23 бөбөктөр экенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Такталган маалыматтар боюнча бомбаны жанкечти жардырган. Учурда 300 ашуун адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышканы да белгилүү болду. Алардын, бир тобунун абалы өтө оор деп баалангандыктан, курмандыктардын саны өсүп кетиши дагы ыктымал. Ооруканага жеткирилген жабырлануучулардын басымдуу көпчүлүгү аялдар менен балдар. Теракт үчүн жоопкерчиликти “Талибан” кыймылынын позициясын карманган уюм өз мойнуна алганы белгилүү болду.
пакситан
Лахор шаарындагы террордук кол салууга байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев Пакистандын президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты. Анда, Кыргызстандын Президенти курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалай тургандыгын билдирди. Ошондой эле, тиешелүү телеграммада “Кыргызстан, терроризмдин кандай гана көрүнүштөрү болбосун, аны чечкиндүү айыптайт жана эл аралык коомчулуктун бул коркунучка каршы аракеттерин колдойт”, — деп белгиленген.