1168

Туркиянын борбору Анкара шаарында болгон теракттан курман болгондордун саны 34 кишиге жетти

анкара взрыв
Ал эми жаракат алгандар 125 адамга чукулдады. Алардын ичинен 19 кишинин абалы өтө оор деп белгиленүүдө. Жардыруу кечээ, Туркия баш калаасынын Гувенпарк районундагы Өкмөт башчысынын кеңселеринин бирине жакын жерде кечке жуук болгон. Анда мина коюлган автоунаа жарылганы айтылууда. Азырынча жардырууну эч бир тарап мойнуна ала элек. Эске салсак, буга чейин да Туркиядагы Анкара жана Диярбакыр шаарларында жардыруу болуп анда жалпысы 68 чукул адам набыт болгон. Жергиликтүү бийлик окуяны террордук кол салуу деп атап, бир ай мурда Анкарада болгон кандуу окуяга окшоштугун белгилешүүдө. Ал тапта түрк бийлиги, Анкарадагы жардырууну маалымат каражаттарында чагылдырууга чектөө киргизди. Ал эми, Кыргызстандын Туркиядагы элчилиги жардырууда жапа чеккендердин арасында кыргызстандыктар жок экенин такташты.