765

Унгар-Тоо: Кыргызстандык төрт кызматкер бошотулду

Унгар-Тоо2
Өзбекстан 8-сентябрда түнкү саат 12ге жакын Аксы районундагы Үңкүр-Тоонун тактала элек жеринен кармап кеткен төрт кыргыз жаранын Ала-Бука районундагы чек арачыларга өткөрүп берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробеков билдирди. “Баары жакшы, азыр эле чыктык. Кошуна мамлекет менен биздин күч органдарынын ортосунда келишим жакшы болду. Ошонун негизинде чыгып келдик. Биздин жетекчилерге, күч органдарына, баарына рахмат. Тил табышып, жакшы чыгып келдик. Баарыбыздын ден соолугубуз жакшы. Ал жерден кыйынчылык деле көргөн жокпуз, жакшы карап, жакшы мамиле жасап жатышты. Баары жакшы”, – деди ал. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробековдун айтымында, кармалып тургандарды бошотуп жатканда Өзбекстан шарт койгон жок: “Президенттин, өкмөттүн жана тиешелүү министрликтердин жетекчилеринин аракети жана өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде Өзбекстан биздин жарандарды чыгарып берди. Бүгүнкү жолугушуу 3/3 форматында өттү. Чек ара кызматынын облустук жана райондук жетекчилери, облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болсун деп шарт койгон экен. Биз үчөөбүз кирип чыктык. Эки апта мурдагы сүйлөшүүгө да ушундай форматта киргенбиз. Биз башында эле “жарандарыбызды кайтарып бергиле, калган маселелерди өкмөттөр аралык комиссия чечсин” деп айтканбыз. 22-августта Өзбекстандын милициясы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунарага тик учак менен келип, ал жерде иштеген төрт кызматкерди өздөрү тарапка алып кетишкен. Өзбекстандын күч кызматтары кармап кеткен төрт кыргызстандыктын тагдыры боюнча өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 3-сентябрь күнү Самаркандга Ислам Каримовду акыркы сапарга узатууга барган кезде да өзбек премьер-министри Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүп, талкуулаган. Ага чейин 2-сентябрда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында маселе көтөрүп, кармалган кыргызстандыктардын токтоосуз бошотулуусун талап кылган болчу. 6-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго бул маселени конструктивдүү жол менен чечүүнү тапшырган. Ал эми Өзбекстанда кармалып тургандардын жакындары аларды тез арада бошотуу боюнча иштерди жүргүзүүнү талап кылып, президентке кайрылышты.