2097

Түркмөнстан – Катар. Белекке берилген жылкы

Туркмөнстанга расмий сапар менен барган Катар мамлекетинин эмири, ахалтеке тулпарын белекке алды. Шейх Тамим Бин Хамад Аль-Тани, Ашхабадга 7-мартта келген. Баш калаанын борборунда, аны туркмөн Президенти Гурбангулы Бердымухамедов тосуп алды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин, мамлекет башчылары Ахалтеке жылкы комплексине барып, ал жерден улуттук ат оюндарын көрүштү. Андан соң, Гурбангулы Бердымухамедов, Катардын эмирине, Меледага ахалтеке күлүгүн белекке берди. Бул жылкылар, дүйнөдөгү эң сейрек кездешкен, өтө кымбат баалуу жылкылардын бири. Шейх Тамим Бин Хамад Аль-Тани, Түркмөнстандын текстиль өндүрүшүнүн көргөзмөсүндө болуп, кечки тамактануудан кийин, мекенине учуп кетти.