498

Опера жана балет театрын оңдоп-түзөө октябрда аяктайт


Абдылас Малдыбаев атындагы Академиялык Улуттук опера жана балет театрын реконструкциялоону аяктоо белгиленген мөөнөттөн кечиктирилүүдө. Башта аталган маданий жайды оңдоп-түзөө иштерин өлкөнүн эгемендик күнүнө карата бүткөрүү пландалган. Бирок учурда аткарыла турган иштердин жарымы гана бүтүрүлүптүр. Мындай кырдаалды театрдын жетекчилиги бюрократиялык тоскоолдуктар менен түшүндүрүүдө. Бул имаратты реконстукциялоо үчүн 5 ирээт тендер өткөрүлгөн.