375

Тажикстанда жердешин атып таштаган киши кармалды

наручники
Тажикстандын укук коргоо органдары 27 жаштагы жердешин өлтүрүүгө шектелген Хорогдун тургуну Косим Абдурасуловду кармашты. Ага карата “киши өлтүрүү” жана “мыйзамсыз курал сактоо” беренелери менен кылмыш иши козголду.
Шектүү 16-июлда Жогорку Хорог маалесинде Алиназар Камбаров менен чырдашып кетип, аны пистолет менен атып таштаган. Ал ошол жерде жан берген, кылмышкер качып, издөөгө салынган. Маалыматтарга караганда, кармоо учурунда шектүү каршылык көрсөткөн эмес.

Жергиликтүү тургундардын ырасташынча, окуя ханзаада Ага-Хандын 60 жылдыгына арналган салтанатты түз эфирде көрсөтүү маалында болгон. Маркум өз каалоосу менен иш-чарага кол кабыш кылып, келген меймандарды жайгаштыруу менен алектенген. Алиназар Косимден башка орунга отурууну сураган. Бирок ал баш тартып, экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Косим Абдурасулов ызаланып, кечинде пистолетин алып келип, Алиназардын үйүндө ага ок чыгарган.