800

Тажикстанда доллар сатууга чектөө киргизилди

доллары
Тажикстандын Улуттук банкы доллар менен иштеген насыя мекемелеринен америкалык валютаны сатууну чектөөнү же таптакыр тыюу салууну талап кылууда. Учурда 100 доллардын расмий курсу 853 сомонини түзүүдө, бул өткөн аптага караганда 22 сомониге же 3% көп. Тажикстандын башкы каржы мекемеси көмүскө базардагы айрым жактардын чагымдарынан улам доллар кымбаттап кеткенин белгилөөдө. Улуттук банк валюта базарындагы абалды жөнгө салуу үчүн бардык ресурстар жана мүмкүнчүлүктөр бар экенин жана укук коргоо органдары менен бирге тиешелүү чаралар көрүлөрүн маалымдады. Бул арада айрым ишкерлер чет өлкөдөн продукциядарды долларга сатып алышарын, бирок расмий акча алмаштыруучу жайлардан валюта алуу мүмкүн болбой жатканын билдиришүүдө. Улуттук банк тарабынан бардык жеке акча алмаштыруучу жайлар жабылды, валютаны учурда расмий жайлардан гана алмаштырууга мүмкүн.