479

Таласта 7-класстын окуучусу көз жарганы турат


Талас областында 7-класстын окуучусу эки айдан кийин көз жарганы турат. Учурда 14 жаштагы кыздын 7 айлык боюнда бар. Өспүрүмдүн кош бойлуу экенин ата-энеси жакында эле билген. Териштире келгенде, ал 18 жаштагы бала менен жыныстык катнашка барып жүргөнү аныкталган. Бул окуя коомчулукка чыгып кеткен соң, балага карата кылмыш иши козголгон. Бирок милицияга арыз менен ким кайрылганы белгисиз. Ички иштер бөлүмү бул боюнча маалыматтарды ачыктаган жок. Эң кызыгы, кыздын апасы жаңжал салып жатып, 18 жаштагы баланы өспүрүмгөо үйлөнтүүгө мажбур кылган. Андыктан ал эми жазаланабы, белгисиз.