677

А. Атамбаев: Чек ара маселеси сүйлөшүү жолдору менен чечилет

аша
Кыргызстан, кошуна өлкөлөр менен согушпайт, бирок ошону менен бирге, Мамлекеттин кызыкчылыктары- жогорку деңгээлде корголот. Бул тууралуу бүгүн Президент Алмазбек Атамбаев, Бишкектин чыгыш тарабындагы “Улан” кичирайонунда “24-март” атындагы скверинин ачылыш аземинде билдирди. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Мамлекет башчысы учурда коомчулуктун көңүл чордонунда турган чек ара маселеси тынч, сүйлөшүү жолдору менен гана чечиле турганын белгилеп өттү. Ошондой эле, бул маселени өз кызыкчылыгына пайдаланууну көздөгөн бир ууч топ бар экенин да билдирди. Алардын негизги максаты эки өлкө ортосундагы кырдаалды кызытып, башаламандыкка алып келүү, дейт Атамбаев. Мындан улам, эл ичинде ар кандай чагымчылык жасагандарга тиешелүү чараларды көрүү керектиги да белгиленди.