944

Сотторду тандоо кеңешинин талапкерлери үчүн сынак жарыяланды


Үч айдан кийин сотторду тандоо кеңешинин учурдагы курамынын мөөнөтү аяктайт. Буга байланыштуу парламент бул органдын курамына талапкерлер үчүн сынак жарыялады. Жаңы талап боюнча, кеңештин мүчөсү болуу үчүн юридикалык билими жана бул тармакта 5 жылдык тажрыйбасы болушу шарт. Ошондой эле, бул жолу сотторду тандоо кеңешинин курамы 15 кишиге кыскартылды. Жогорку Кеңештеги көпчүлүктүн коалициясы, парламенттик азчылык жана соттор кеңеши болуп – ар бири үчтөн талапкер сунуштап, кеңештин курамында эми 9 гана мүчө болмокчу.