765

Сомалиде жанкечти-террористтин аракетинен 17 адам жабыркады

2
Сомалинин Кисмайо шаарында жанкечти-террористтин аракетинен 17 адам жабыркады. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шилтеме кылып кабарлады. Сомалинин Жубаленд автономдук аймагынын өкүлү Хассан Аден Мохамед окуяны тастыктап, анда террорист ресторанда отурган жай тургундарга кол салганын билдирди. Жанкечти эс алуу жайына кирип барып, өзүн-өзү жардырып жиберген.

Такталбаган маалыматтар боюнча, окуя болгон жерде 2 киши набыт болгон. Азырынча бул чабуул үчүн жоопкерчиликти эч бир тарап өзүнө ала элек. Белгилей кетсек, Сомалиде эл аралык “Аль-Каида” террористтик тобу менен тыгыз иштешкен “Аш-Шабаб” деген можахеддердин радикалдык тобу бар. Алар борбордук бийликке куралдуу каршылык көрсөтүп, гуманитардык жардамдардын келишине бут тосуп келишет.