693

Сирияга гуманитардык жардам жеткирилди

 

гуманитарка

Орусиялык аскерлер Сирияга консерваланган эт, ун, күрүч жана башка азык-түлүктөн турган гуманитардык жардам жеткиришти. Алеппого гуманитардык жүк Сириядагы согуштук аракеттер башталгандан бери алгачкы жолу келүүдө. Түштүк аймактын жашоочуларына жалпы 4 тоннага жакын жүк жеткирилген.  Гуманитардык жардамды алып келген үч тик учак зениттик террористтердин  чабуулуна жол бербеш үчүн  4500 метр бийиктикте учкан.  Россияда тыюу салынган “Жабхат ан-Нусра” уюмунун согушчандары Алеппонун 2012-жылы басып алышкан.  Согуштук аракеттердин жүрүшүндө анын калкы 2,5 миллиондон 1 миллионго чейин кыскарган. Учурда Алеппонун айрым аймактары террористтердин көзөмөлүндө. Бирок сириялык армия айрым шаарларды согушчандардан бошотууга жетишти. Натыйжада, соңку бир нече айлар аралыгында  түштүк аймактарга эле 700дөн ашуун үй-бүлө кайткан.