822

Байыркы Пальмира шаары толугу менен террорчулардан бошотулду

пальмира
Муну Сириянын Президенти Башар Асад “маанилүү жетишкендик” деп баалап, “Ислам мамлекети” деп аталган топко каршы күрөшүүдө өлкөнүн армиясы менен анын өнөктөштөрүнүн терроризмге каршы согуштагы стратегиясынын ийгилиги катары сыпаттады. Сириянын мамлекеттик маалымдоо каражаттарынын жана байкоочу топтордун билдиргенине караганда, өкмөттүк аскерлер Пальмираны 27-март күнү Орусия күчтөрүнүн абадан колдоосу астында бошотушкан. Байыркы шаарга толук көзөмөл орнотулгандан кийин аскерлер–Пальмираны согушкерлер таштап кеткен миналар менен бомбалардан тазалоого киришишкени белгилүү болду. Эске салсак, бир топ байыркы тарыхий эстеликтери бар шаарды “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттер тобу былтыр май айында басып алган. Андан кийин бандиттер бир катар баалуу тарыхый эстеликтерди талкалап жок кылышкан.