439

Шайлоо: Өзүңдү тизмеден текшер!


“Өзүңдү тизмеден текшер” деген жалпы улуттук маалымат өнөктүгү 30-августка чейин уланат. Бул мөөнөткө чейин жарандар шайлоо тилкелеринде илинген тизмелерден өздөрүнүн аты-жөнүн, добуш бере турган жерин тактап алса болот. Эгер шайлоочу тууралуу маалыматта кандайдыр бир ката табылса – ал жаран атайын үлгүдөгү арыз жазып кайрылуусу зарыл. Ошондой эле, биометрикалык каттоодон өтүүгө үлгүрбөй калгандар жашаган жери боюнча кайрылып, катталса болот.