611

Түндүк Кореянын лидери кайрадан Америка Кошмо Штаттарын коркутууда

северная корея
Бул тууралуу бир нече маалымат булактары “Вашингтон Пост” гезитине таянып жазып чыгышты. Анда, Пхеньян ээ болгон суутек бомбасы “эбегейсиз күчкө ээ” экени белгиленген. А тугул Түндүк Кореянын аскер өкүлү Чо Хенг Иль “эгерде бул бомбаны ракетага орнотуп, аны менен Нью-Йорктогу Манхэттенге сокку жасалса, анын бардык жашоочулары жок болуп, шаар заматта күлгө айланат” деп билдирген. Ошондой эле, “эгер АКШ Түндүк Кореяга коркунуч жарата турган болсо, аталган өлкөнү жер бетинен жок кылып сала турган мүмкүнчүлүктөр колдонула” турганы да жазылган. Белгилей кетсек, Пхеньян АКШ менен Түштүк Кореяга биринчи жолу коркутуп жаткан жок. Бирок, ошол эле убакта эл аралык эксперттер, Пхеньян өз мүмкүнчүлүктөрүнө туура эмес баа берип жатканын айтып келишет.