433

Себаттын окуучулары Түркияга киргизилбейт


Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги “Сапат” билим берүү мекемелери боюнча Түрк аткаминеринин айткандарына жооп кайтарды. Эске салсак, буга чейин Түркиянын билим берүү министринин орун басары Орхан Эрдем “Сапат” мектептеринин бүтүрүүчүлөрү Түркияга киргизилбей турганын билдирген. Ал бул билим берүү мекемесинин позициясы расмий Анкаранын көз карашына туура эмес келгенин белгилеп, эл аралык террорчу уюмдун идеологиясын жайылтат деп айыптаган. Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги болсо бул билдирүүнү өлкөгө кысым көрсөтүп, аны дескредитацилоо аракети катары баалап жатканын билдирди.