1233

Быйыл үч миң адам аскерге чакырылат

дагы 7 миң киши – альтернативдик кызматка тартылат. Бул тууралуу, коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жергиликтүү аскердик башкаруу органдар башкы башкармалыгынын башчысы Руслан Абдрахманов кабарлады. 1-апрельден баштап 30-июнга чейин, Кыргызстандын бардык аймактарында жазгы аскерге чакыруу кампаниясы өтөт. Жыл откөн сайын, аскерге чакырылгандардын саны осүүдө, өзгөчө, жогорку билимдүүлөрдүн саны. Аскердик кызмат өтөөгө жарамдуу 18 жаштан 25 чейинки бардык эркектер аскердик комиссариаттарга чакырылат. Быйыл, өлкөнүн түндүгүнөн чакырылгандардын 15 % – түштүктө, ал эми, түштүкөн чакырылгандардын 18 % – түндүктө кызмат өтөшөт. 33 % – коңшу областтарга чакырылат.