824

Рим папасы Сочидеги аба кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

avariya
Рим папасы Франциск Биринчи россиялык учактын кырсыкка учурашы боюнча көңүл айтып, курман болгондор үчүн сыйынаарын айтты. Анда ал Жараткандан бул кырсыкта мерт кеткендердин жакындарына сабырдуулук тиледи. Рим папасынын бул сөздөрүнөн кийин Ыйык Пётр аянтына чогулгандар үн катпай турушуп, аза күтүштү. Ал арада Кара Деңиздин Сочи акваториясында Ту 154 учагынын сыныктарын жана курман болгондордун сөөктөрүн издөө иштери уланууда. “Интерфакс” агенттиги учак кыйраган жерде 80 жүргүнчүнүн, анын арасында экипаж командири Роман Волковдун сөөгү табылганын жазып чыкты. Бирок бул маалымат азырынча расмий ырастала элек. ТАСС агенттиги болсо, Кара деңизде кыйраган учактын экипажы сууга конууга аракеттенгенин өз булактарына таянып жазып чыкты. Учактын куйругунун талкаланганы учкучтардын мындай аракетинен кабар берет деп айтылууда. Учурда суучулдар учактын канатынан куйругуна чейинки гана бөлүгүн таба алышты. Аба ырайынын катаалдыгы жана учактын бөлүктөрү 25 метр тереңдикке чейин түшүп кеткендиктен, аны чыгаруу иштери бир топ кыйындап жатат. Ошондой эле “кара жашик” табылгандыгы да кабарланды.