679

Президент Трамп Россияга санкция киргизген мыйзамга кол койду

2
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия жаңы санкцияларды киргизе турган мыйзамга кол койду. Орусияга кошуп, Түндүк Корея жана Иранга санкция жарыялай турган бул мыйзам долбоору Конгресстеги демократтар менен республикачылардын жапырт колдоосуна ээ болуп, президентке кол коюуга жөнөтүлгөн.

Жаңы мыйзам америкалык компанияларга Орусиянын темир жол, кеме, металл чыгаруу жана кен тармактары менен иштешүүгө тыюу салат. Ошондой эле Орусиянын мунай өндүрүшү менен байланышы бар компаниялардын бизнесине чектөө киргизет. Мыйзамга ылайык, санкцияларды жеңилдетүү же токтотуу маселесин АКШ президенти эмес, Конгресс чечип калат.

Президент Владимир Путин АКШ конгрессмендеринин жаңы чарасына жооп кылып, Орусиядагы миңден ашык америкалык дипломаттардын 755и кыскарат деп билдирген. Анын алдында Кремл АКШ дипломаттарына Серебряный Бор аймагындагы дачаларын жана Москвадагы кампасын колдонууга тыюу салган.