406

Панфилов паркындагы кафелердин биринде үч газ баллон жарылды

газ
Бишкек шаарындагы Панфилов паркындагы кафеде үч газ баллону жарылып, тамактануучу жай толугу менен күйүп кетти. Өрт өчүрүүчүлөр жарылып кетүүсү мүмкүн болгон дагы 2 газ баллонун алып чыгышып, аларды зыянсыздандырышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен жалпы аянты 130 чарчы метрди түзгөн кафе толугу менен күйүп, мындан тышкары анын жайкы ашканасынын чатыры да өрттөнүп кеткен. Бактыга жараша адамдар жабыркаган эмес. Учурда өрттүн себептери такталууда.