844

Ростов -на- Дону: самолеттун кулашына пилоттордун кетирген каталары себеп

крушение самолета
Мындай маалымат “кара ящикти” иликтеп чыккандан кийин белгилүү болду. Анда, “Боинг” аба кемесинин бортундагы жазуучу аппаратка экипаждын кабинасындагы сүйлөшуүүлөр жеткиликтүү деңгээлде жазылып калган. Аны чечмелеп чыкканда пилоттордун ортосунда, бири-бирин түшүнбөстүк пайда болуп, алар андан нары техниканы башкара албай калышкан. Мындан тышкары, кырсыкка ошол күнкү аба-ырайы, өзгөчө, багытын улам-улам алмаштырган катуу соккон шамал дагы себеп болгон. Эске салсак, 19-март күнү Дубай – Ростов-на-Дону багытындагы “Боинг-737” авиалайнери жерге кулап түшкөн. Бул кырсыктан, самолеттогу 55 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү мерт кеткен. Алардын бири Кыргызстандын жараны.