707

Ошто Палоо фестивалы өтүп, мыкты ашпозчу аныкталды


Ош шаарынын тургундарына жана туристтерге 25 түрлүү палоо сунушталды. Кечээ күнү түштүк калаада эл аралык ашпозчулар фестивалы өттү. Анда катышуучулардын ар бири өз ыкмасы менен палоо даярдашты. Жалпысынан конкурста 25 ашпозчу ат салышып, Ош шаарындагы эс алуу багында бир убакта эле жетиден казан асылып жатты. “Азия элинин достугу” деп аталган сынак Ош ашканасын даңазалоо жана туристтерди тартуу максатында биринчи жолу уюштурулду. Ага Өзбекстандан келген мен-мендеген ашпозчулар катышып, өзгөчө ыкмада даярдалган палоону сунушташты. Кароо-сынактын жыйынтыгында, Ош шаарынын тургуну Айбек Ризаматов менен Өзбекстандын Анжиян областынан келген Хуршид Хасановдор эң мыкты ашпозчу аталды.