613

Ош шаарында троллейбус айдоочулары иш ташташты

Box_OSH_TROLEYBUSS_1008_0052_KG.mpg_20170810151523
Нааразычылык акциясына чыккан 30га жакын адам мэрия тарабынан коюлган планды азайтууну же жол кирени көтөрүүнү талап кылышууда. Түштүк калаада азыр троллейбустагы жол кире 6 сомду түзөт. Айдоочулардын айтымында, шаар бийлиги ар бир каттам үчүн планды 200 сомдон 300 сомго чыгарган. Буга кошумча, электр энергиясы үчүн деп ар бир каттамдан 80 сомдон алына баштаган. Ал эми айлык акынын көлөмү азайган.