752

Ош: Өрт кырсыктарын алдын-алуу максатында рейддер күчөтүлөт


Ош областында өрт кырсыктарын алдын-алуу максатында атайын рейддер жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгы менен бир катар мамлекеттик мекемелер, базарлар менен соода-жайлары акчалай айыпка тартылышы мүмкүн. Адистердин айтымында, жыл башынан бери эле Ош областында 207 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам набыт болгон. Акыркы мезгилде коммерциялык объектилерди жалын каптаган учурлар көбөйүүдө. Буга тиешелүү эрежелердин сакталбай жатышы себеп болууда, дешет адистер.