718

Ош мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан имарат талашууда


Ош шаарында балдардын таяныч тутумун калыбына келтирүү борборунун имаратын мэрия ижарага берип салган. Анын кесепетинен, дарыланганга келген бөбөктөргө орун жетпей, бейтаптар айлап кезек күтүүгө аргасыз. Имаратта жалпы 18 бөлмө болсо, анын жетөө ижарага берилген. Мындан улам, борбор учурда 50 баланы гана кабыл алууга мүмкүнчүлүгү жетет. Ал эми бул жакка түштүк аймагы боюнча бейтаптар кайрылат. Эң кызыгы, шаардык борбордук бөлүгүндө бизнес жасоого ылайыктуу жерде жайгашкан имараттын бир бөлүгү арзыбаган эле акчага ижарага берилген. Балдардан талашып алынган объекттен мэриянын казынасына болгону 11 миң сом түшөт. Бул каражат эч кандай маселени деле чечпээри айдан ачык. Мындан улам, имаратты ижарага берүүдө жеке кызыкчылыктар болушу мүмкүн деген ойлор жаралууда.