713

Монреаль фестивалында “Ата керээзи” баш байгени жеңип алды


Кыргыз кино жаратуучуларынын дагы бир тасмасы абройлуу эл аралык сыйлыкка татыды. Канадада өткөн «Монреаль кинофестивалында» режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Ата керэзи” аталышындагы көркөм фильми баш байгени утуп алды. Аталган кинофестивалга жалпысынан 1200-дөй фильм катышкан. Тасманын негизги максаты – чет өлкөдө жүргөн кыргыздарды өздөрүнүн улуттук каада-салт, үрп-адаттарын сактап калууга үндөө.