632

Бүгүнтөн тарта Сириядагы Орусия аскерлеринин негизги күчтөрү чыгарыла баштады

Бул тууралуу Владимир Путин кечээ кечинде коргоо жана тышкы иштер министрлери менен жолугушуп жатып, буйрук бергени белгилүү болду. Россиянын лидеринин айтымында Орусиянын аскердик кийлигишүүсү, негизинен максатына жетти. Ошону менен бирге Путин тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө Россиянын ролун активдештирүүнү тапшырды. Мындан тышкары, Кремлдин басма-сөз катчысы Дмитрий Песков белгилегендей, Путин Сириянын президенти Башар Асад менен байланышып, өзүнүн чечими тууралуу маалымдаган. Бирок, ошол эле убакта Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги Тартус аскер базасы жана Хмеймим аэродромунда жайгашкан россиялык күчтөр өз ишин мурдагы режимде уланта берээри белгилүү болду.