385

Мегакомду ким карызга сурап жатат?


“Мегаком” компаниясы 13,5 миллиард сомго түз сатыкка коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Болсунбек Казаков билдирди. Анын айтымында, эми бир айдын ичинде, “Альфа Телеком” уюлдук компаниясын сатып алууну каалагандардан арыздар кабыл алынат. Мегакомго ээлик кылууну көздөгөн инвестор соттук иштерди дагы өзү бүткөрүүгө милдеттүү. Ал арада Пенвелл деп аталган чет элдик компания “Альфа Телеком” боюнча өкмөттү арбитраждык сотко бергени маалым болду.