359

Медведев: “Россияга соода согушу жарыяланды”

3
Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев АКШ жаңы санкцияларды киргизгенден кийин Кремль америкалык администрация менен мамилени жакшыртуу боюнча үмүтүн үзгөнүн билдирди. “Орусияга толугу менен соода согушу жарыяланды”,– деди Медведев. Ал санкциялык режим он жылдап сакталарын билдирди. АКШ президенти санкцияны Конгресстин макулдугусуз жокко чыгара албагандыктан, Москва менен Вашингтондун мамилеси курч болорун айтты.

Буга чейин Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШнын жаңы санкциялары “де-факто эч нерсени өзгөртпөйт” деп айткан. 2-августта АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга карата жаңы санцияларды киргизген. Тиешелүү мыйзам долбоорун АКШ Сенаты жактырган.