509

Мас айдоочу үч аял менен бир баланы сүзүп өлтүрдү


Кайрадан ири жол кырсыгы. Мас айдоочу төрт кишинин өмүрүнө забын болду. Чүй областынын Жаңы-Жер айылында айдоочу унаасы менен төрт адамды сүзүп өлтүрдү. Кырсык кечээ түшкө маал, Октябрь менен Жаңы-Жер кыштактарынын ортосунда катталды. Алдын-ала маалыматтарга караганда, 52 жаштагы айдоочу көчө боюнда жол тосуп турган үч аял менен 12 жаштагы баланы келип сүзгөн. Төртөө тең ошол жерден мүрт кеткен. Бул окуя тууралуу милицияга жергиликтүү тургундар кабарлашкан. Айдоочу рулду башкара албай калганын айткан. Аны дарыгерлер текшергенде мас экени аныкталды.