1115

Мария Шарапова допинг колдонгону аныкталды

Орусиялык теннисчи Мария Шарапова жакын арада карьерасын жыйынтыктап калышы мүмкүн. Спортчу тапшырган допинг тесттин жыйынтыгында анын мельдоний препаратын колдонгону аныкталган. “Болуп өткөн окуя боюнча жоопкерчиликти өзүм алам жана өзүмдү гана күнөөлөй алам”,- дейт спортчу. Белгилүү Nike бренди спортчу менен келишимди бузду.