722

Мамлекет шайлоонун ачык-айкын өтүшүн камсыз кылышы керек


Мамлекет алдыдагы шайлоонун ачык-айкын жана адилет өтүшүн камсыз кылышы керек. Мындай пикирин айткан саясат таануучулар 2 айдан кийин өтө турган добуш берүү Кыргызстан үчүн тарыхий окуя болоорун баса белгилеп жатышат. Элдин шайлоодо кабыл алган чечими эч бир кысымсыз, эркин өтсө бул эл аралык деңгээлде үлгү болчу окуяга айланат. Саясий серепчилердин пикиринде, добуш берүүнүн жыйынтыгынан өлкө чыныгы туруктуу өнүгүү жолуна түшөөрү дагы көз каранды.