876

Өлкөнү сүрөттөр аркылуу дүйнөгө тааныткысы келген жаш талант


Кыргыз элинин маданий асыл-нарктарын, күнүмдүк жашоо-тиричилигинин өзгөчөлүктөрүн жана чыныгы айылдын жашоосун чагылдырган сүрөттөр. Жаш сүрөтчү Айканыш Ибраимованын кыл калемине таандык эмгектер кыргыздын элдик калоритин таасын чагылдырат. Чет өлкөдө билим алган талант өз сүрөттөрү аркылуу Кыргызстанды дүйнө элине тааныткысы келет. Ал эми сүрөт тартууга чыгармачылык илхам алуу үчүн Чыңгыз Айтматовдун эмгектерине кайрылып, андагы окуялар ага дем берээрин айтат.