1988

Россияда үч апта туткунда жаткан кыргызстандык жаран куткарылды

Box_ROSSIYA_OMOH_1009_0110.mpg_20170810154454
Бул тууралуу Москва областынын тергөө комитети кабарлады. Маалыматтарга караганда, белгисиз бир адамдар Россиянын 92 жаштагы тургунун үйүн тартып алуу максатында аны барымтага алып, аны менен кошо Кыргызстандын жаранын да туткунда кармашкан. Экөө кылмышкерлердин колунда 13-майдан 2-июнга чейин болушкан.

Бул убакыт ичинде 47 жаштагы адам 27 жаштагы уулу менен чогуу жогорудагы эки жаранды Быково кыштагындагы үйлөрдүн биринде мыйзамсыз кармап, туткундагыларды кыйнап, курал колдонуп, “өлтүрөбүз” деп коркутушкан. Алар аман эсен куткарылып, кылмышка шектүүлөр камакка алынды. Маалыматтарга караганда, кыргызстандык жаран 92 жаштагы үй ээсин багып иштеп жүргөн.