475

Кыргызстанда теракт уюштурууну пландап жаткан үч адам соттолду

4
Баткен областтык сотунун чечими менен «Ислам мамлекети» террористтик уюмунун мүчөлөрү 12 ден 15 жылга чейин эркинен ажыратылды. Сириядан жана Ирактан атайын даярдыктан өтүп келген согушкерлер өлкө аймагында жардырууларды уюштурууну көздөп жүрүшкөн.

Аларды кармоо учурунда курал-жарактардын түрлөрү, жардыруучу каражаттар, террористтик жана экстремисстик маанайдагы адабияттар алынган. Үчөөнө «чек арадан мыйзамсыз өтүү», «курал-жарактарды алып жүрүү», «документтерди жасалмалоо», «диндер аралык мамилени козутуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен алар күнөөлүү деп табылды.