911

Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматов дүйнө салды

Эрматов
Кыргыз эл акыны, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эгемберди Эрматов дүйнө салды. Ал узакка созулган оорудан улам 66 жаш курагында каза болду. Эрматов 1951-жылы Кадамжай районунда туулган. 1979-жылы Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Акын бир нече ыр китептерин “Аксаткын менен Мырза уул” драмалык чыгармасын, «Мухаммед пайгамбар» деген дастанды жазган. Чыгармаларынын жети томдугу жарык көргөн. Эгемберди Эрматов 2010-жылы Социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2013-жылдан, былтыр декабрга чейин мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы болуп иштеген.