700

Өкмөттүн отставкасы менен катар канча министр кетет?


Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн отставкасы жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Ага ылайык, министрлер кабинети толугу менен кызматтан кетти. Бирок өкмөт мүчөлөрү жаңы курам түзүлгөнгө чейин милдеттерин аткарып турат. Ал эми премьер-министрдин милдетин аткаруу биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевге жүктөлдү. Учурда көпчүлүктүн коалициясында өкмөт башчылыкка талапкер катары президенттин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаковду жылдыруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду. Бул боюнча башкаруучу альянс 24-августта өз ара жыйын өткөрүшөт. Премьер-министр менен кошо дагы кайсы аткаминээрлер кызматынан кол жууйт азырынча белгисиз. Жаңы өкмөт башчы өз командасын түзүшү мүмкүн.