445

Казакстанда учак кыйрап, эки киши каза тапты

3
Алматы облусунун Жаркент шаарында жеңил моторлуу учак кыйрап, эки киши каза тапты. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети билдиргендей, 2017-жылы 27-июлда Алматы облусунун Панфилов районундагы Шолакай айлында жүгөөрү таласында авиахимиялык иштерди аткарып жүргөн Як-12 учагы кулап түшүп күйүп кеткен. Борттогу эки киши тең курман болду.

Кырсыктын чоо-жайы аныктала элек. Казакстандын жарандык авиациясы тергөө иштеринин башталганын маалымдады. Як-12 көп максаттуу транспорттук учак болуп эсептелет.