439

Казакстанда металлургдар менен шахтерлор айлыкты көтөрүүнү талап кылышууда

4
Караганда облусунун «Арселор Миттал Темиртау» компаниясында иштеген металлургдар жана шахтерлор 1-августта айлык маянанын жогорулатуу зарылдыгын айтып чыгышты. Алар талаптарын эмгек жамааттын конференциясында билдиришти. Конференциянын катышуучулары маянаны кеминде 30 % көтөрүү керек деп эсептешет. Компанияда иштеген көптөгөн жумушчулардын айлыгы 100 миң теңгеге ($300) жетпейт.

Конференция катышуучулары металлургиялык комбинаттан жана шахтадан ишбилги адистер Орусияга кетип жатышканын, себеби ал жакта маяна көп экенин айтышты. Айлыкты жогорулатуу талабы быйыл жазында эле көтөрүлгөн. Бирок маселе чечилген эмес.

Кесиптик кошуун өкүлдөрү бардык талаптар компания жетекчилигине жазуу түрүндө жөнөтүлөрүн, эгер көйгөй чечилбесе, иш таштоого барышарын эскертишти.