1255

Казакстан Кыргызстанга 100 долларлык техникалык жардам бөлөт

kr-i-kaz2
Мындай келишимге Жогорку Евразиялык кеңештин жыйынынын алкагында кол коюлганын вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди. Анын айтымында, жардам бөлүү боюнча сүйлөшүү мурда эле башталып, бирок макулдашуу иштери созулуп кеткен. Эми Казакстан боло турган 100 миллион доллар өткөрмө бекеттерди жана лабораторияларды Евразия экономикалык биримдигине ылайыкташтырууга жумшалаары белгиленүүдө. Ошол эле убакта, Панкратов кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдү алуу боюнча азырынча бир чечим жок экени кошумчалады.