711

Казакстан, курут менен кымызды Кытайга экспорттоо боюнча келишим түздү

кумыс
Боордош өлкөнүн маалымдоо каражаттары кабарлагандай, казакстандын куруту жана кымызы Кытайда- лабораториялык изилдөөлөрдөн ийгиликтүү өттү. Павлодар областындагы дыйкан чарбаларынын бири, улуттук азыктарды ири көлөмдө кытайлыктарга сатуу боюнча келишимге кол койгон. Буга чейин, бул чарба өндүргөн улуттук тамак-аштар Астанада жана Москвада ийгиликтүү сатылып келген. Кытайга экспорттоло турга курут эки түрдө: чай менен ичүүгө ылайык – таттуу жана кадимки – кычкыл болуп жасалат. Кытайда, бул нукура жана таза азыктарга чоң кызыгуу бар, дешет казакстандык ишкерлер