483

Кандагарда НАТОнун аскерлери жанкечтинин чабуулуна кабылышты

4
Афганистандын Кандагар шаарында НАТОнун аскерлери жанкечтинин чабуулуна кабылышты. Азырынча курман болгондор тууралуу маалымат жок. Бир нече адам жабыркаган. Бирок азырынча алар кайсы өлкөнүн жарандары экени айтыла элек. Кол салуу эл аралык аскер күчтөрү жайгашкан Кандагар аэропортунун жанында болгон. Бул кол салуу үчүн азырынча эч бир тарап өзүнө жоопкерчилик ала элек. Афганистанда НАТОнун 10 миңден ашык аскери бар. Бир күн мурда болсо, Герат шаарындагы шииттердин мечитинде да кол салуу болуп, андан 30дан ашуун киши набыт болгон.