488

Кабулдагы теракттан жабыркагандардын саны 24кө жетти

1
Кабулдагы жардыруудан каза тапкандардын саны 24кө жетти.Бул тууралуу Афганистандын ички иштер министрлиги билдирди. Ал эми 1TV телеканалы теракт натыйжасында 42 адамдын жаракат алганын айтты.ММК мындан мурун 20 адам каза таап,22 адамдын жаракат алганын жеткизишкен.

Жанкечти унаа менен дүйшөмбү күнү Кабулдун аймактарынын биринде жарылган. Tolo News телеканалы, жардыруу Афганистандын аткаруучу бийлигинин башчысынын экинчи орун басары Мохаммада Мохакиктин үйү тарабында болгон деп билдиришкен. Телеканалдын корреспонденти теракт болгон жерде тез жардамдын көп келгенин белгилейт.